АКИpress - Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 28-мартта Аламүдүн айыл аймагында болгон. Аламүдүн райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору кызмат өтөп жатып, «Субару Аутбек» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
ИИББден белгилешкендей, 1987-жылы туулган айдоочу Ш.Р. документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан. Чыр-чатакка анын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган С.К. да кошулган. Экөө тең милиция кызматкерине кол көтөрүп, ошондой эле ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынын башкы адисинин күрмөсүн жыртып, фотоаппаратын талкалашкан.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча катталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Текшерүү учурунда шектүүлөр мас абалда экени аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.