АКИpress - Бүгүн, 30-мартта футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алкагында оюн өтөт.
Жогорку лиганын 6-турунун жылдырылган беттеши Манас шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтүп, «Мурас Юнайтед» жана ОшМУ командалары ойнойт. Оюндун башталышы — саат 20:00.
Учурда «Мурас Юнайтед» үч оюнун жеңип, турнирдик таблицада сап башында турат. Ал эми ОшМУнун эсебинде төрт оюндан кийин 3 упай бар жана бул сезондо азырынча жеңишке жетише элек.