14:53, 30-март, 2026

«Кызмат» мекемесине директордун биринчи орун басары жана башкы бухгалтер дайындалды

10:02, 30-март, 2026 307

АКИpress - Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине директордун биринчи орун басары жана башкы бухгалтер дайындалды.

Тактап айтканда Бакетаев Байгазы директордун биринчи орун басары, Ишенбекова Адинай башкы бухгалтер болду. Аларды президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков тааныштырды жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тарабынан 1-июлга чейин коюлган негизги пландар эскертилип, бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

жарандарды санариптик кызматтарды колдонууга үйрөтүү иштерин күчөтүү;

онлайн форматка өтүүнү активдүү илгерилетүү;

мекеменин жана өлкө боюнча калкты тейлөө борборлорун жетекчилери менен кызматкерлеринин жаңы талаптарга ылайык квалификациясын жана санариптик компетенцияларын үзгүлтүксүз жогорулатуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»