14:04, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (95 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (75 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
12:06, 31-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлдүн мэри болду

«Кызмат» мекемесине директордун биринчи орун басары жана башкы бухгалтер дайындалды

На русском
10:14, 31-март, 2026 533

АКИpress - Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине директордун биринчи орун басары жана башкы бухгалтер дайындалды.

Тактап айтканда Бакетаев Байгазы директордун биринчи орун басары, Ишенбекова Адинай башкы бухгалтер болду. Аларды президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков тааныштырды жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тарабынан 1-июлга чейин коюлган негизги пландар эскертилип, бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

жарандарды санариптик кызматтарды колдонууга үйрөтүү иштерин күчөтүү;

онлайн форматка өтүүнү активдүү илгерилетүү;

мекеменин жана өлкө боюнча калкты тейлөө борборлорун жетекчилери менен кызматкерлеринин жаңы талаптарга ылайык квалификациясын жана санариптик компетенцияларын үзгүлтүксүз жогорулатуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»