02:39, 31-март, 2026

Трамп Ирандын мунайын алып коюу планы бар экенин билдирди

На русском
09:49, 30-март, 2026 451

АКИpress - АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын алып коюуну жана өлкөнүн негизги мунай экспорттоочу түйүнү болгон Харг аралын басып алуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирди. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы «Financial Times» гезитине шилтеме берүү менен кабарлады.

Трамптын айтымында, АКШ Ирандын мунай экспортунун негизги бөлүгү өтүүчү Харг аралын көзөмөлгө алуу боюнча мүмкүн болгон операцияны кошо алганда, ар кандай варианттарды караштырып жатат. Ал мындай сценарийди Венесуэладагы кырдаалга салыштырып, Вашингтон ал жактагы мунай тармагын чексиз мөөнөткө көзөмөлдөө ниетинде экенин кошумчалады.

«Мүмкүн, биз Харг аралын алабыз, балким — жок. Бизде варианттар көп», - деди Трамп.

Ошону менен бирге, басылма белгилегендей, мындай операция олуттуу тобокелдиктер менен коштолот. Ал америкалык аскерлер арасындагы жоготуулардын көбөйүшүнө жана чыр-чатактын созулушуна алып келиши мүмкүн.

Кырдаалдын курчушунан улам АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскерлерин жөнөтүүдө. Ошондой эле Ормуз кысыгынын айланасындагы чыңалуу күчөп, бул конфликт башталгандан бери мунай баасынын 50%дан ашык өсүшүнө алып келди.

Аналитиктердин маалыматы боюнча, Ирандын мунай экспортунун 90%ы өткөн Харг аралын көзөмөлдөө Ирандын экономикасына катуу сокку урат, ошондой эле дүйнөлүк туруксуздукту жана инфляция тобокелдигин жогорулатат.

«Brent» маркасындагы мунайдын баасы баррелине 115–116 доллардан ашты. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»