12:26, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (262 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (114 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:46, 31-март, 2026 (46 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды

«Сүймөнкул» мюзиклинин бет ачары өттү

На русском
09:44, 30-март, 2026 355

АКИpress - 28-мартта Кыргыз улуттук филармониянын чоң сахнасында сүрөтчү жана киноактер Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Сүймөнкул» аттуу улуттук мюзиклдин бет ачары болду.

Маданият министрлигинен маалымдашкандай, бул масштабдуу сахналык чыгарма бир адамдын тагдыры аркылуу бүтүндөй бир доордун рухун, улуттук өзүн-өзү аңдоонун калыптанышын жана искусствонун адамдын ички дүйнөсүнө тийгизген терең таасирин көркөм чагылдырат.

Мюзикл улуу таланттын жолун – бала чагынан чыгармачылык бийиктиктерге жеткенге чейинки аралыкты, анын ички толгонууларын, оору менен күрөшүн, жалгыздыгын жана руханий издөөлөрүн камтыйт.

Сахнада Сүймөнкулдун чыгармачылыгынын эки багыты – живопись жана кино өнөрү көркөм образда бириктирилген.

Башкы ролдорду таланттуу артисттер аткарышты:

Сүрөтчү Сүймөнкул – Аксай Мукамбетов

Актер Сүймөнкул – Курал Чокоев

Чокмор (атасы) – Улан Качкыналиев

Какин (апасы) – Салима Балтаева

Темир Балкаевич – Миран Жанарбаев.

Коюуга Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааттары, белгилүү фольклордук ансамблдер, бий топтору жана оркестр катышып, спектаклди жандуу аткаруу менен коштошту.

Чыгармачыл топ:

Либреттонун автору – Акбар Кубанычбеков

Башкы композитор – Айжамал Алибаева

Композитор – Эламан Каныбеков

Койгон сүрөтчү – Русланбек Орозалиев

Хореограф – Эрлан Камытбеков

Костюмдар боюнча сүрөтчүлөр – Сара Асангазиева, Жамийла Стамбекова

Хормейстер – Арслан Турсуналиев

Продюсер – Медербек Арапбаев

Дирижер – Рысбек Жумакунов

Координатор – Данияр Байгожоев

Койгон режиссер – Умарбек Кадыров

Долбоордун жетекчиси – Кыргызбай Осмонов.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»