15:10, 30-март, 2026

Иран Сауд Арабиядагы авиабазага кол салып, аскердик учактарды талкалаганын жарыялады

На русском
09:28, 30-март, 2026 508

АКИpress - Иран Сауд Арабиядагы авиабазага кол салган соң, кеминде 15 америкалык аскер кызматкери жаракат алды. Беш аскердин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу «Аль-Жазира» жазды.

Шаршемби күнү «Ханзаада Султан» атындагы авиабазага кол салууда кеминде алты баллистикалык ракета жана 29 учкучсуз аппарат колдонулганын «Associated Press» агенттиги билдирди.

«The Wall Street Journal» гезитинин маалыматына ылайык, кол салуу учурунда аскер кызматкерлери имаратта болушкан. Аты аталбаган америкалык аткаминер «Reuters» агенттигине кеминде 12 аскер кызматкери жаракат алганын, экөөнүн абалы оор экенин билдирген.

Ирандын борбордук аскердик штабынын өкүлү Эбрахим Золфагари ишемби күнү видеокайрылууда сокку уруунун натыйжасында май куюучу учактардын бири толугу менен жок кылынганын, дагы үчөө иштен чыгарылганын билдирген.

Англис тилдүү «Press TV» телеканалы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып Ирандын соккуларынан кийин авиабазадагы бир нече учак талкаланганын көрсөттү. Ушул аптанын башында база эки жолу чабуулга кабылып, анын натыйжасында 14 америкалык аскер кызматкери жаракат алган.

«Boeing Е-3 Sentry» алыскы радиолокациялык аныктоо учагы талкаланганы тууралуу «Би-Би-Си» да жазды. АКШда мындай 16 учак бар болчу. Алардын алтоо Перс булуңуна жайгаштырылган, деп жазат «Air & Space Forces Magazine».

«Алардын бирин жоготуу АКШ жана Израилдин Иранга каршы согушундагы мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө азайтат», - деп жазган британиялык ЖМК.

База Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддан болжол менен 96 км алыстыкта жайгашкан, ал Королдук аскер-аба күчтөрү тарабынан башкарылат, бирок америкалык күчтөр тарабынан да колдонулат.

«Аль-Жазиранын» Дубайда иштеген кабарчысы Ирандын соккулары тууралуу  маалымат аз экенин билдирди.

«Бирок жаракат алгандардын саны чабуулдун олуттуулугун көрсөтүп турат», - деди ал. Базада негизинен ракетага каршы коргонуу системалары жана логистикалык колдоо менен алектенген 2-3 миң америкалык аскер кызматкери болору белгиленди.

Ишемби күнү ирандык аскерлер Омандын Салала портунун жанында АКШнын кемесине сокку урганын билдиришти, бирок толук маалымат берилген жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»