11:51, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:46, 31-март, 2026 (45 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды
11:39, 31-март, 2026 (24 адам окуп жатат)
Руслан Айтбаев Ала-Буканын акими кызматынан кетти
11:29, 31-март, 2026 (22 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:39, 31-март, 2026 (20 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды

Бишкекте жарандардын арыздануусунан кийин беш адам милицияга жеткирилди

На русском
09:24, 30-март, 2026 323

АКИpress - Бишкектин Менделеев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде мыйзамсыз кечелер уюштурулуп жатканы тууралуу арыз түшүп, анын негизинде милицияга беш жаран жеткирилди. Бул тууралуу 29-мартта Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«102» кызматына чалуу түшкөндөн кийин окуя болгон жерге Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, Салык кызматы, муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) жана милициянын өкүлдөрү барышкан.

Жыйынтыгында райондук ички иштер бөлүмүнө 1966-жылы туулган С.Ж., 2001-жылы туулган И.А., 1999-жылы туулган Р.Д., 2002-жылы туулган Т.И. жана 2001-жылы туулган О.Г. жеткирилген.

«Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»