АКИpress - Бишкекте мыйзамсыз эркиндигинен ажыратууга шектелген адам кармалды, деп билдирди 30-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Буга чейин социалдык тармактарда чынжыр мененё байланган адамдын видеосу тараган. Видеонун автору муну анын жубайы жасаганын билдирген.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу) боюнча катталган.
Милиция шектүүнү кармады.