02:40, 30-март, 2026

АКШда Трамптын саясатына каршы нааразычылык акциялары өттү

На русском
21:28, 29-март, 2026 791

АКИpress - 28-мартта АКШда Дональд Трамптын саясатына каршы ири ннааразычылык акциялары өттү. Бул тууралуу 29-мартта DW басылмасы кабарлады.

«Падыша жок» («No Kings») деген ураан алдында бир күндө өлкөнүн ар кайсы шаарларында 3300дөн ашуун акция өттү. Жалпысынан ага 8 миллионго жакын адам катышкан. Коомдук тартипти одоно бузуу учурлары катталган жок.

Уюштуруучулар – жарандык демилгелер коалициясы. Алар Трампты демократиялык институттарды бузуп, бийликти ашыкча топтоп алды деп айыпташууда. Нааразычылыкка чыккандар ошондой эле АКШнын жана Израилдин Иранга каршы аскердик операциясына жана миграциялык саясатты катаалдатуусуна нааразычылыктарын билдиришти.

Акциялар 50 штатта тең өттү, бирок нааразычылыктардын борборлорунун бири Миннесота штаты болду. Анын борбору Миннеаполистеги митингде америкалык музыкант Брюс Спрингстин сөз сүйлөп, болуп жаткан саясий процесстерге жол берүүгө болбостугун билдирди.

Нааразычылыктар АКШнын чегинен чыгып демонстрациялар Париж, Лондон жана Лиссабон сыяктуу бир катар Европа шаарларында да өттү. Акциянын катышуучулары Трампты кызматтан алууга чакырып, анын саясатын сындашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»