04:35, 30-март, 2026

Профсоюз көчөсү көрүстөндү айланып өтүп, айланма жолго чейин узартылат

На русском
14:43, 29-март, 2026 797

АКИpress - Бишкекте Профсоюз көчөсү — Кустанай көчөсүнөн түндүк айланма жолдун постуна чейинки тилкеде айланма жол куруу иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги келечектеги жолдун схемасы менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, объектте керектүү техникалар иштеп, даярдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 8,5 чакырым болот. Ал жөнгө салынуучу кыймылы бар II техникалык категориядагы шаардык маанидеги көчө катары курулат. Жол төрт тилкелүү, коопсуздукту камсыздоо үчүн ортосунда темир-бетон бөлгүчтөрү болот. Ошондой эле эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана сырткы жарыктандыруу системасы каралган.

Жарыяланган схема боюнча, жолдун уландысы Новопавловка көрүстөнүн түштүк тарабынан айланып өтөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»