19:00, 29-март, 2026

АКШ Иранга каршы кургактагы операцияны караштырып жатат, - басылма

На русском
13:52, 29-март, 2026 456

АКИpress - АКШ Иранга каршы бир нече жумадан бир бир нече айга чейин созулушу мүмкүн болгон кургактагы операцияга даярданууда. Бул тууралуу 28-мартта «The Washington Post» басылмасы америкалык аткаминердерге шилтеме кылып билдирди.

Каралып жаткан операция толук масштабдуу басып алууну камтыбайт. Атайын операциялык күчтөр жана жөө аскер бөлүктөрүнүн катышуусундагы чакан рейддер жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Булактар ​​белгилегендей, пландарды ишке ашыруу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек — АКШ президенти Дональд Трамп аларды жактырабы же жокпу белгисиз.

Басылмада акыркы ай ичинде администрацияда ар кандай сценарийлер, анын ичинде Ирандын Харг аралын басып алуу жана Ормуз кысыгына жакын жээк аймактарында операцияларды өткөрүү талкууланганы айтылат. Мындай аракеттердин негизги максаты кеме жүрүүгө коркунуч туудурган курал-жарактарды издөө жана жок кылуу болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда, басылманын маектештери операция америкалык аскерлер үчүн олуттуу коркунучтар менен коштолушу мүмкүн экенин баса белгилешет, анын ичинде дрондордун, жер үстүндөгү ок атуунун жана башка жарылуучу түзүлүштөрдүн коркунучтары бар.

АКШнын Коргоо министрлигинин мурдагы жогорку даражалуу өкүлүнун айтымында, операциянын пландары алдын ала иштелип чыккан жана комплекстүү мүнөзгө ээ. Ал белгилегендей, аймакты басып алуу Вашингтондун сүйлөшүү позициясын бекемдей алат, бирок негизги кыйынчылык ээлеген объекттерди кармап турууда жана коргоодо болмокчу.

Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) аймакка «Tripoli» десанттык кемесине 3,5 миңге жакын деңиз жөө аскерлери жана моряктар которулганын билдирген. Ошол эле учурда, америкалык ЖМКлардын маалыматы боюнча, кургактагы операция жакынкы арада башталышы мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»