01:10, 30-март, 2026

«Чоң-Кемин» жаратылыш сейил багында 5 миңден ашык дарак отургузулду

На русском
13:20, 29-март, 2026 218

АКИpress - Чүй облусундагы «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш сейил багында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында ишембилик өттү.

Иш-чарага жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев, анын орун басарлары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кемин районунун акими Канболот Тутуев, ошондой эле 150гө жакын кызматкер катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө терек, карагай жана өрүк сыяктуу 5 миңден ашык көчөт отургузулду.

Белгилүү болгондой, бул демилге айыл чарба токой чарбасын өнүктүрүүгө, келечекте жергиликтүү калкты жемиштер менен камсыздоого, ошондой эле аймактагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган.

Акция Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган жана ШКУнун «Жашыл шакеги» эл аралык демилгесинин алкагында өтүүдө.

Министрлик 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллионго жакын бак-дарак жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу пландалганын эске салды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»