05:16, 30-март, 2026

Салык кызматы цементти маркалоо жана калдыктарды сатуу мөөнөттөрү боюнча комментарий берди

На русском
13:03, 29-март, 2026 571

АКИpress - Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык салынган товарлардын жүгүртүүсүн көзөмөлдөө жана маркалоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов радионун эфиринде цементти маркалоонун киргизилүүчү мөөнөттөрү жана мурда өндүрүлгөн продукцияны сатуу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, кыска мөөнөттөргө карабастан, калдыктарды сатуу үчүн 6 айлык мөөнөт негиздүү.

«Мөөнөттөр өтө кыска — маркалоо 1-июлдан баштап киргизилип жатат, ал эми калдыктарды сатууга 6 ай берилет. Бул мөөнөт – объективдүү мөөнөт», - деди ал.

Акматов цементтин касиеттери жана сактоо мөөнөтү жөнүндө өндүрүүчүлөр өздөрү кабардар экенин белгиледи. Анын айтымында, баштыктарда 3 ай сакталган цемент күчүн 50%га чейин жоготот.

Ошол эле учурда, ал кошумчалагандай, сактоо шарттары сакталса — нымдуулук болбосо жана баштыктар такай которулуп турса, касиеттерин сактоо мөөнөтү жарым жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»