22:32, 29-март, 2026

Бишкектеги 9 кабаттуу турак үй 10 жылдан кийин эксплуатацияга берилди

На русском
12:57, 29-март, 2026 681

АКИpress - 26-мартта үч блоктон турган 9 кабаттуу турак үйдү эксплуатацияга берүү актысы тапшырылганын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үй 180 батирге ылайыкталып, Бишкек шаары, Ажыбек баатыр көчөсү, 1/5, 1/6, 1/7 даректеринде жайгашкан.

Объект «Восток Строй Инвест» компаниясы тарабынан курулган, бирок жер тилкесине байланыштуу коңшу жер пайдалануучулар менен узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн улам 10 жыл бою эксплуатацияга берилген эмес.

Расмий эксплуатацияга берүү актысы жок болгондуктан, тургундар көп жылдар бою батирлерин менчиктештире албай, кыймылсыз мүлккө документ алууда кыйынчылыктарга туш болуп, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн өнөр жай тарифтерин төлөөгө аргасыз болушкандыгы белгилүү болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»