АКИpress - Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 30-мартка караган түнү Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн 5...10
күндүз 22...27
Суусамыр өрөөнү
түнкүсүн -12...-17
күндүз -2...+3
Талас өрөөнү
түнкүсүн 1...6
күндүз 18...23
Баткен облусу
түнкүсүн 9...14
күндүз 21...26
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 9...14
күндүз 21...26
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2...+3
күндүз 14...19
Нарын облусу
түнкүсүн -3...+2
күндүз 14...19
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -10...-15
күндүз -2...+3
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7°, күндүз 24...26° болот.