АКИpress - «Дордой» базарынын аймагында жалпы узундугу 5,2 чакырым болгон жолду реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда, деп билдирди 28-мартта Свердлов районунун акимиатынын басма сөз кызматы.
Иштердин алкагында Ибраимов көчөсүндө 30 эскертме берилип, 213 миң сомго протоколдор түзүлдү, ошондой эле 7 мыйзамсыз курулуш демонтаждалды.
Ибраимов көчөсүн — «Дордой-12» көчөсүнөн «Эмгекчил-7» көчөсүнө чейин оңдоо пландалууда.