15:03, 29-март, 2026

Нарындагы 2 га жер мамлекетке кайтарылды

На русском
12:46, 29-март, 2026 326

АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районунда 2 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыгы ички жайыттын чөп чабылуучу жерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысын аныктаган. Кеп Баймак айыл аймагынын «Каражээк» аймагындагы №2516 контурунда жайгашкан тилке жөнүндө болуп жатат.

Такталгандай, Жумгал райондук соту кызматтын доосун канааттандырып, 2006-жылдын 6-августундагы №73 сатуу келишимин жараксыз деп тапты.

Муну менен айыл чарба багытындагы жер тилке толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»