02:57, 29-март, 2026

Бишкекте унаа сатуу шылтоосу менен алдамчылык кылган жаран кармалды

На русском
18:00, 28-март, 2026 562

АКИpress - Бишкекте автоунааларды сатуу шылтоосу менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

2025-жылдын 26-июлунда Бишкек ШИИББге Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.Р. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2025-жылдын 10-сентябрында аталган жаран ишенимге кирип, «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунааны сатуу шылтоосу менен алдап кеткен. Кийинчерээк автоунаа үчүнчү жакка сатылып, түшкөн акча каражаттарын шектүү өз кызыкчылыгына пайдаланган.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1978-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»