АКИpress - 11-март күнү Бишкектин түндүк тарабында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак үйлөр, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-турмуш-тиричилик жана өнөр жай объекттеринде болбойт.
Суу өчүрүлүүчү аймак:
— Лермонтов – Ауэзов – Шабдан баатыр – Көлбаев көчөлөрү, ЖЭК-Токмок каналы;
— Аламүдүн кичи району, Курулушчулар шаарчасы.
Суу берүүнүн токтотулушу «Кажы-Сай» суу алгычын жана шаардык суу түтүк тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу.