АКИpress - Бишкекте жалпы аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу жүрүп жатат.
Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, комплексте 1238 орундуу конференц-зал, 1000 конок баткан банкеттик зал, 5 сүйлөшүү бөлмөсү, заманбап пресс-борбор, ошондой эле 300 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай камтылат. Ошондой эле объекттин жанында 8 мейманкананын курулушу да жүрүүдө.
Конгресс-холлду пайдаланууга берүү ушул жылдын жай айларына пландалган.
Объект Чыңгыз Айтматов проспектинде, мурунку ВДНХ аймагында, Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имаратынын жанында курулуп жатат.
⛶