21:54, 28-март, 2026

Курулуп жаткан «Ырыс Ордо» кандай болот? Мүнөздөмө

На русском
17:41, 28-март, 2026 640

АКИpress - Бишкекте жалпы аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу жүрүп жатат.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, комплексте 1238 орундуу конференц-зал, 1000 конок баткан банкеттик зал, 5 сүйлөшүү бөлмөсү, заманбап пресс-борбор, ошондой эле 300 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай камтылат. Ошондой эле объекттин жанында 8 мейманкананын курулушу да жүрүүдө.

Конгресс-холлду пайдаланууга берүү ушул жылдын жай айларына пландалган.

Объект Чыңгыз Айтматов проспектинде, мурунку ВДНХ аймагында, Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имаратынын жанында курулуп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»