АКИpress - Бишкекте жашылдандыруу боюнча жазгы өнөктүк уланууда, деп билдирди 28-мартта мэриянын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын көчөт өстүрүүчү жайында 93 миңден ашык көчөт бар.
Анын ичинен 20 миңге жакын даракты шаар аймагына отургузуу пландалууда, калганы көчөт өстүрүүчү жайда калат.
Өнөктүктүн алкагында буга чейин 6 миңге жакын дарак жана бадал отургузулду.
Мэриядан эске салышкандай, 2025-жылы отургузулган дарактардын тамырлашуусу 86%ды түзгөн.