01:54, 29-март, 2026

Бишкектин 3 жана 7-кичи райондорунда 31-мартта суу болбойт

На русском
17:13, 28-март, 2026 166

АКИpress - Бишкектин 3 жана 7-кичи райондорунда 31-мартта ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу таңкы саат 09:00дон түнкү саат 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде болбойт.

Өчүрүү аймагы: Ч.Айтматов көчөсү – Юнусалиев көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Жукеев-Пудовкин көчөсү – Сүйөркулов көчөсү.

Суу берүүнүн токтотулушу D-400 мм куурундагы авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»