04:31, 29-март, 2026

Цементти маркалоо өндүрүшкө таасир этпейт, - Салык кызматы

На русском
15:37, 28-март, 2026 216

АКИpress - Цементти маркалоо өндүрүш процесстерин токтотпостон ишке ашырылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарлардын жүгүртүүсүн көзөмөлдөө жана маркалоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, цемент өндүрүү технологиясы сырьёну алуу, майдалоо, күйгүзүп клинкер алуу жана кийинчерээк кайрадан майдалоону камтыйт.

«Клинкер алынгандан кийин, акыркы майдалоого чейин, курамына маркер кошулат. Майдоо процессинде даяр маркаланган цемент чыгат», - деди ал.

Акматов маркалоону киргизүү өндүрүштүк кубаттуулукту азайтпай турганын белгиледи.

«Бул өндүрүштү эч кандай токтотпойт, анткени бардыгы линияда автоматтык түрдө аткарылат», - деп түшүндүрдү ал.

Буга өндүрүштө кошумча дозатор орнотулат, ал автоматтык режимде клинкердин көлөмүн эсептеп, керектүү өлчөмдөгү маркерди кошуп турат.

Адистин айтымында, процесс негизги өндүрүш циклине кийлигишпестен ишке ашат, ал эми ишканалардын иши токтобойт жана жайлабайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»