АКИpress - Бишкектин четинде «Бишкек Арена» жаңы стадионунун курулушу уланууда.
Стадиондун сыйымдуулугу – 51 000 көрүүчү. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң чоңу болот.
Графикке ылайык, ал 2026-жылдын августунда, Кыргызстандын борбору Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммитин өткөрүп жатканда бүткөрүлөт, ошондой эле бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы пландалууда.