23:02, 28-март, 2026

Йемендик хуситтер Иран менен бирге согушууга даяр экендигин билдиришти

На русском
14:39, 28-март, 2026 845

АКИpress -

Йемендик хуситтер айрым шарттарда Иран тарапта согушка кошулууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу 28-мартта «Reuters» басылмасы кабарлады.

Топтун жетекчиси Яхья Саринин айтымында, эгер АКШ жана Израилге башка өлкөлөр кошулса же Кызыл деңиз Иранга каршы операцияларды өткөрүү үчүн колдонулса, хуситтер түз аскердик кийлигишүүгө өтүшү мүмкүн.

Сари кийлигишүүнүн мүмкүн болгон форматын тактаган жок.

«Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, мындай билдирүүлөр аймактагы чыр-чатактын кеңейишинин тобокелдигин күчөтөт, анткени хуситтер алыскы аралыкка сокку уруп, Кызыл деңиз аймагындагы коопсуздукка таасир этиши мүмкүн.

Буга чейин эгерде аймакта эскалация улана берсе, анын ичинде кургактан мүмкүн болгон басып алуулар болсо, Иранда Кызыл жана Араб деңиздерин туташтырган Баб-эль-Мандеб кысыгын жабуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдиришкен. Кысык стратегиялык мааниге ээ жана Йемендин аймактык сууларынын бир бөлүгү экендиги белгиленет.

«Reuters»агенттиги белгилегендей, хуситтер буга чейин да Иранды колдоого даяр экендиктерин бир нече жолу билдиришкен, бирок расмий түрдө түз согушка кошулуу тууралуу буга чейин жарыялашкан эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»