17:29, 28-март, 2026

Булан-Сөгөттүдө массалык кыюу болбойт, - Экология министрлиги

На русском
14:12, 28-март, 2026 293

АКИpress - Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында массалык бак-дарактарды кыюу болбойт, деп билдиришти Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан.

Министрликтен түшүндүрүшкөндөй, тилкеде заманбап сейил бак уюшулат.

«Коопсуз эс алуу аймагын түзүү үчүн жолдордун курулушуна тоскоол болгон же тургундардын жана техниканын эркин өтүүсүнө жолтоо кылган дарактар гана кыйылат», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»