01:56, 29-март, 2026

«Дордойго» барчу жол оңдоо үчүн жабылып, 7 коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт

На русском
13:50, 28-март, 2026 789

АКИpress - Бишкекте 1-апрелден тарта Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Буга байланыштуу, 7 маршруттун кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөрөрүн мэрия эскертти. Алар:

  • №30, №226, №203 — «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын автобустары;
  • №143, №161, №234, №130 маршруттук кичи автобустар.

Долбоор эки баскычта ишке ашырылат. Биринчи баскычта 1-апрелден тарта, Айыл көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылып, оңдоо иштери башталат.

Экинчи баскычта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүк оңдолот.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»