АКИpress - Бишкекте 1-апрелден тарта Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Буга байланыштуу, 7 маршруттун кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөрөрүн мэрия эскертти. Алар:
- №30, №226, №203 — «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын автобустары;
- №143, №161, №234, №130 маршруттук кичи автобустар.
Долбоор эки баскычта ишке ашырылат. Биринчи баскычта 1-апрелден тарта, Айыл көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылып, оңдоо иштери башталат.
Экинчи баскычта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүк оңдолот.