АКИpress - Сокулук районунда болжол менен 6 миллион долларга соода-логистика борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-мартта министрдин орун басары Р.К. Балтабаев Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуп, долбоорду даярдоо иштеринин жүрүшүн талкуулашты.
Долбоор «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен биргеликте ишке ашырылууда. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат.
KOICA өкүлдөрү кыргыз тарапка долбоорлоо, каржылоо жана уюштуруучулук коштоо маселелерин камтыган ишке ашыруунун кийинки баскычтары тууралуу маалымат беришти. Тараптар демилгени мындан ары иштеп чыгууга даяр экендигин ырасташты.
Министрликтен долбоорду ишке ашыруу айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн агрардык секторунун экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берерин кошумчалашты.