15:51, 28-март, 2026

Бишкектин айрым аймактарында 28-мартта суу болбойт

На русском
06:18, 28-март, 2026 409

АКИpress - Бишкекте 28-мартта айрым көчөлөрдөгү турак үйлөргө жана социалдык объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу саат 09:00дөн баштап белгисиз мөөнөткө өчүрүлөт. Суунун өчүрүлүшү Сүйүмбаев—Токтогул көчөлөрүндөгү Д-500 мм түтүк линиясындагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.

Өчүрүү аймагы: Абдрахманов көчөсү — Фрунзе көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Чүй кең. — Аламүдүн дарыясы — темир жол линиясы — Сүйүмбаев көчөсү — Москва көчөсү — Шопоков көчөсү — Чүй кең.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»