18:11, 27-март, 2026

100 долларга Дональд Трамптын кол тамгасы түшүрүлөт

На русском
14:40, 27-март, 2026 258

АКИpress - АКШнын жаңы кагаз долларларына жакын арада Дональд Трамптын кол тамгасы каржы министринин кол тамгасы менен кошо түшүрүлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады

Муну менен алгач жолу акчага учурдагы президенттин колу коюлмакчы. Буга чейин банкноттордо салттуу түрдө казыначынын колу коюлуп келген – 165 жылдан бери алгач жолу жаңы купюралардан анын колу алып салынат.

Каржы министри Скотт Бессент жаңы банкноттор Американын 250 жылдыгына карата чыгарыларын айтты. Бул маараке быйыл белгиленет. Анын айтымында, мындай чечим өлкөнүн экономикалык жетишкендиктерин жана президент Трамптын ролун баса белгилейт. АКШнын казыначысы Брэндон Бич дагы анын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү салымы мындай кадамга татыктуу экенин билдирип, бул чечимди колдоду.

«Reuters» агенттиги жазгандай, Дональд Трамп менен Скотт Бессенттин кол тамгалары түшүрүлгөн алгачкы 100 долларлык купюралар июнь айында басып чыгарылат.

Мындан тышкары, Трамптын сүрөтүн АКШнын 250 жылдыгына карата чыгарылуучу башка материалдарга да жайгаштыруу пландалууда. Анын элеси түшүрүлгөн чоң коллекциялык алтын тыйындын дизайны буга чейин жактырылган. Ошондой эле Трамп түшүрүлгөн 1 долларлык тыйындын долбоору да каралууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»