19:17, 27-март, 2026

Сүрөт — «Айчүрөктүн» жанына курулуп жаткан имараттын пайдубалы гана калды

На русском
14:16, 27-март, 2026 633

АКИpress - Бишкекте «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанындагы темир конструкцияны буздуруу иштери жыйынтыкталды. 

Учурда ал жерде курулуш таштандылары тазаланып, салынган конструкциянын пайдубалы гана калды. Жумушчулар ишин улантууда – атайын техниканын жардамы менен алар пайдубалды кесип жатышат.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда объект бекитилген эскиздик долбоорго дал келбей турганын айтып, аны демонтаждоону тапшырган. 23-февралда тиешелүү кызматтар ишке киришкен.

 

Кийинчерээк, 16-мартта оргума калыбына келтирилип, жашыл аймак уюштурулары кошумчаланган.

Бирок 15-мартта анын жанындагы «куту» делген дагы бир объект буздурулары маалымдалганына карабастан, ал дагы деле ордунда турат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»