АКИpress - Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектелген адам кармалганын 27-мартта Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармакта ур-токмоктон жабыркаган аял тууралуу видео тараган. Ал күйөөсү тарабынан сабалганын айткан.
25-мартта кечки саат төрт жарымдар чамасында милицияга чалуу түшкөн.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, 1995-жылы туулган И.А. аттуу жаран милицияга жеткирилип, ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, 7 суткага камакка алынды.
Жабырлануучу арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн баш тартты.