16:27, 26-март, 2026

Сокулуктагы 19 га айыл чарба жери көрүстөн үчүн которулат

На русском
12:59, 26-март, 2026 307

АКИpress - Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагынын айыл өкмөтү №446 контурдагы 19 гектар айыл чарба жерин көрүстөн катары берүү маселесин коомдук талкууга койду.

Сунушту айылдык кеңештин профилдик комиссиясынын корутундусунун негизинде, калктын муктаждыгын эске алуу менен кабыл алуу сунушталууда.

Жер тилкесинин так чек аралары, аянты жана жайгашкан жери жерге жайгаштыруу документтери аркылуу кабыл алынгандан кийин аныкталат.

Эскертүү: картада болжолду жер белгиленген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»