17:01, 26-март, 2026

Бишкектеги медициналык борбордун ээси кармалды

На русском
08:58, 26-март, 2026 852

АКИpress - Бишкек шаарындагы "Дем-Нур" медициналык борборунда психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, колдонуу жана сатуу фактылары аныкталды, деп билдирди ИИМ.

Тактап айтканда медициналык борбордун ээси — 1955-жылы туулган О.Ш. баңгизат жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болгон жарандарды тиешелүү уруксат берүүчү лицензиясы жок эле дарылап, психотроптук заттарды мыйзамсыз сактап, колдонуп жана саткандыгы аныкталган.

«Тинтүүнүн жүрүшүндө 18 ампуладагы психотроптук заттар, 600 ампуладагы жана 16 таңгактагы ар кандай дары-дармектер табылып алынган.

Мындан тышкары шектүүнүн жашаган жеринде дагы психотроптук зат табылган.

Бул факт боюнча баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон.

О.Ш. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»