18:24, 26-март, 2026

Бишкекте 16 жаштагы Нурайым Нарынбекова дайынсыз болууда

На русском
08:52, 26-март, 2026 332

АКИpress - 2010-жылы туулган Нарынбекова Нурайым Адилет кызы изделип жатканын 25-мартта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбордун жашоочусу кызын табууга жардам сурап кайрылган. Аялдын айтымында, өспүрүм 18-мартта эртең мененки саат 7де үйүнөн чыгып, №102 орто мектебине жөнөгөн. Сабактан кийин (болжол менен саат 11де) мектептен жалгыз чыккан, андан кийин анын кайда жүргөнү белгисиз бойдон калууда.

Белгилери: бою 155–160 см, салмагы 50 кг чамасында, орто бойлуу, чачы кара, ийинге чейин, көздөрү күрөң.

Кийген кийими: ак кофта, кара спорттук костюм, кара түстөгү бут кийим, жанында кара рюкзак болгон.

Милиция кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды (312) 352 632, (0705) 307 703, (0705) 450 553 номурлары аркылуу байланышууга чакырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»