18:24, 26-март, 2026

Кыргызстандын футболчулары Экватордук Гвинеяга утулду

На русском
08:46, 26-март, 2026 266

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Экватордук Гвинеянын курама командасына утулду.

Жолдоштук беттеш 25-мартта Түркиянын Анталья шаарында өттү.

Биринчи таймда кыргызстандыктар чабуулда активдүү ойноду, бирок мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок. 

38-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Саид Дациев айып аянтчада атаандашты жыгып салды. Калыс пенальти дайындап, эсеп 1:0 болду.

Экинчи таймда гол кирген жок жана беттеш 1:0 эсебинде африкалык команданын жеңиши менен аяктады.

28-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар курама командасы менен беттешет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»