АКИpress - 2025-жылы Чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборуна интернет алдамчылыгына кабылган 68 адам кайрылган. Алар алдамчыларга жалпы 110 миң доллар (эгер бүгүнкү курс менен эсептесе — 9,6 млн сом) акча жиберишкен. Бул тууралуу борбордун башкармалык жетекчиси Эсенбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, алдамчылар социалдык тармактарда таргеттик жарнама аркылуу иштешет. Алар башка өлкөдө туруп Улуу Британия жана Германияда 6-7 миң доллар айлык менен жумушка орноштурууну кыргызстандыктарга сунушташат.
Эгер акча өлкө ичинде банктардын ортосундагы система аркылуу жиберилсе гана аны кайтарып алууга мүмкүн болот. Эгер алдамчылар чет өлкөдө болсо, жергиликтүү укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү — жабыркагандар Интерполго кайрылышы керек.
Өткөн жылы ИИМ мыйзамсыз агенттиктерге карата 78 чара кабыл алган. Чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштуруу үчүн административдик жоопкерчилик бар: юридикалык жактар үчүн 55 миң сомго чейин, жеке адамдар үчүн 15 миң сомго чейин айып пул салынат. Мыйзамсыз миграция уюштурган адам 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.