17:41, 25-март, 2026

Кыргыздардын тарыхы камтылган 15 томдук китеп жарык көрөт

На русском
13:48, 25-март, 2026 226

АКИpress - Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгында президенттин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселе каралды.

Тактап айтканда, кыргыздардын тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдуу эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында анын түзүмү жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Мындан тышкары, кол жазмаларды берүү мөөнөтү белгиленди.

Жыйында маданий мурасты жайылтуу жана аны кеңири коомчулукка жеткирүү маселелерине көңүл бурулду.

Бишкек аймагында байыркы кыргыз жазуу эстеликтерин чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Болжолдуу мөөнөттөр – күз (октябрь). Авторлордун фамилиялары ачыкталган жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»