14:56, 25-март, 2026

Бишкекте троллейбус башкармалыгынын айдоочусуна айып пул салынып, унаасы айып короого токтотулду

На русском
13:07, 25-март, 2026 185

АКИpress - Бишкек шаардык кайгуул кызматы «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын атайын техникасынын айдоочусун жол эрежесин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Москва көчөсү менен коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде каршы багытта бара жаткан ЗИЛ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын видеосу тараган.

Кайгуул кызматкерлери айдоочунун өздүгүн аныктап, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу) 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.

Мындан сырткары, жүк ташуучу унаа мурда салынган айып пулдары төлөнбөгөндүгү үчүн айып короого киргизилди. Видеодогу маалыматка таянсак, айдоочунун буга чейин 31 миң сомдук 16 жол эрежесин бузуусу катталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»