17:41, 25-март, 2026

Иран тарап Ормуз кысыгы боюнча чечимин жумшартты

На русском
11:29, 25-март, 2026 812

АКИpress - Тегеран Эл аралык деңиз уюмуна мүчө, Иранга душман эмес саналган өлкөлөрдүн кемелери Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө болорун билдирди. Бирок бул процесс Иран бийлиги менен координацияланышы керек, деп жазат FT.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Тегеран душман жана алардын тарапкерлери Ормуз кысыгын Иранга каршы операцияларды жүргүзүү үчүн колдонбошу үчүн тиешелүү чараларды кабыл алган.

Ирандын БУУдагы өкүлү Али Мусавинин айтымында, Иран эл аралык деңгээлде аба коопсуздугун арттыруу жана Перс булуңундагы деңизчилерди коргоо боюнча кызматташууга даяр.

Иран Ормуз кысыгында соода жүргүзүүнү АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциялары башталган учурда токтоткон. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай экспортунун 20%ы жана суюлтулган газдын 30%дан ашууну өтөт. Бул мунай баасынын кескин жогорулашына себеп болду.

Өткөн аптада Трамп Иранга ультиматум коюп, эгер Иран Ормуз кысыгын 48 сааттын ичинде ачпаса, анын электростанцияларын жок кылаарын эскерткен. Иран болсо, АКШ Ирандын энергетикасына сокку урса, Ормуз кысыгын толугу менен жаап салууну убадалаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»