АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп Иран өзөктүк куралды иштеп чыгуудан жана аны пайдалануудан туруктуу түрдө баш тартты деп билдирди. Трамптын айтымында, АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Анын сөзүнө караганда, Иран катуу жабыркаган: алардын флоту, авиациясы жана байланыш системалары жок кылынган. Сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана вице-президент Жей Ди Вэнс катышууда, бирок Трамп Иран тараптан кимдер менен сүйлөшүп жатканын тактаган жок.
Трамп ошондой эле бардык ирандык лидерлер «жоголуп кеткенин», бирок АКШ «керектүү адамдар менен» сүйлөшүп жатканын айтты.
23-мартта Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын энергетика объекттерине сокку урууну 5 күнгө токтотуларын жарыялаган.
Ал эми Иран Вашингтон менен эч кандай байланыш болбогонун билдирди. 24-мартта «Ynet» басылмасы Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө макул болгондугун билдирди.
PRESIDENT TRUMP: There won’t be any nuclear weapons. Iran has agreed to that.
— Department of State (@StateDept) March 24, 2026
We’re in a good bargaining position. We’re way ahead of schedule and they have no navy, air force, or missile protection. Most of their launches we’ve killed. pic.twitter.com/FbwVcC6MND