14:39, 25-март, 2026

Минкаб төрагасы Казакстанга барат

На русском
09:54, 25-март, 2026 205

АКИpress - 26–27-март күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстанда жумуш сапары менен болот.

Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.

Тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле «Digital Qazaqstan 2026» (Санарип Казакстан-2026) эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чарага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат. 

Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары, коомдук ишмерлер жана ири IT-компаниялардын жетекчилери, санарип тармагынын эксперттери катышаары күтүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»