14:22, 25-март, 2026

Жыл аягына чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү медициналык маалым кат жок алмаштырууга болот

На русском
09:52, 25-март, 2026 663

АКИpress - Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктарына карабай, аны 31-декабрга чейин 083 медициналык маалым катсыз алмаштырууга болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордон кабарлашты.

Борбор кампания аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу белгиленген тартипте — 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм менен жүргүзүлөрүн эскертет.

Жүргүзүлгөн акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»