17:26, 25-март, 2026

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Экватордук Гвинея менен ойнойт

На русском
09:33, 25-март, 2026 199

АКИpress - Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы акыркы алты айдагы алгачкы беттешин өткөрөт.

Роберт Просинечкинин командасы учурда Түркияда окуу-машыгууда жүрүшөт жана ал жакта Экватордук Гвинея курамасы менен күч сынашат. Оюн Анталиядагы 8000 көрүүчүгө ылайыкталган «Мардан» стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 103-орунда, ал эми Экватордук Гвинея 107-орунда турат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»