АКИpress - Кыргызстандык спортчулар эл аралык бокс боюнча мелдеште 5 медалга ээ болушту. Казак ССРинин чемпиону Манарбек Ихсановдун жаркын элесине арналган мелдеш 4-9-март күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү.
Анда жалпысынан 2010-2011-жылы туулган спортчулардын арасында 14 топтом медаль ойнотулду. Кыргызстандан 15 спортчу катышып, алардын ичинен бешөө медаль тагынды. Медалдардын бири алтын, төртөө коло.
Жыйынтык:
46 кг чейин
3-орун - Алинур Бакытбеков
50 кг чейин
3-орун - Муслим Маншер
57 кг чейин
1-орун - Элмурат Кукенов
66 кг чейин
3-орун - Ризван Иссаев
70 кг чейин
3-орун - Шахбос Анваров