17:46, 25-март, 2026

Нарын облусунда түндө 3 баллдык жер титирөө катталды

На русском
09:23, 25-март, 2026 207

АКИpress - 24-мартта  саат 23:48де Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 8 чакырым, Талды-Суу айылынан 10 чакырым, Нарын шаарынан 42 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллды түздү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»