АКИpress - Экономика жана коммерция министрлиги 24-мартта цементти молекулярдык маркер менен белгилөө системасын киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылганын жарыялады.
Долбоордун демилгечиси Мамлекеттик салык кызматы.
Анын алкагында цементке түздөн-түз продукциянын курамына молекулярдык маркерди кошуу аркылуу милдеттүү түрдө белги коюу сунушталууда. Демилгени 2026-жылдын 1-июнунан тарта ишке киргизүү каралууда.
«Бул механизм цементти өндүрүү, сатуу жана импорттоо көлөмүн көзөмөлдөөнү, товар айлануунун ачык-айкындуулугун жогорулатууну жана салыктык башкарууну күчөтүүнү камсыздоого багытталган», - деп билдиришти Экономика министрлигинен.